• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бүгүн Жогорку Кеңеш Министрлер кабинетинин курамын карайт

13 Тогуздун айы 2021 9:38 Бишкек Govori.TV

 Бүгүн, 13-октябрда саат 10:00дө парламент имаратынын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйыны өтөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жыйындын күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасын, анын орун басарларын жана Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн дайындоого макулдук берүү жөнүндө;

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 30-июнундагы № 4701-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан «Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоонун алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамдын макулдашылган варианты;

3. «2020-жылдын 9-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Корея Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Кайтарымсыз жардам жөнүндө алкактык макулдашууга Кошумча макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамдын долбоору;

4. «2020-жылдын 29-сентябрында Будапешт шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Венгрия өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамдын долбоору;

5. «2019-жылдын 9-августунда Чолпон-Ата шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Армения Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салууну болтурбоо жана кирешеге салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамдын долбоору;

6. «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамдын долбоору;

7. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Жарнама жөнүндө», «Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө» мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору;

8. Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2021-2022-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин иши жөнүндө.

Количество просмотров: 49