Грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта Жоламан Шаршенбеков финалга чыкты. Беттеш бүгүн, 9-октябрда Бишкек убакыты боюнча саат 22:00дө башталат. Шаршенбеков молдовалык Виктор Чобану менен алтын үчүн беттешет.
Жарым финалда ал азербайжандык балбан Мурад Мамедов менен күрөштү. Шаршенбеков атаандашын 4:2 эсебинде утуп алды. 1/8 финалда ал Беларусь балбаны Максим Кажарскини, чейрек финалда грузиялык Ираклий Дзимистаришвилини жеңип, жарым финалга өткөн.
Эскерте кетсек, 2018-жылы Жоламан Шаршенбеков Дүйнө биринчилигинде 55 килограмм салмакта күмүш байге уткан.