• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Бүгүн зыяратчылардын алгачкы тобу учуп кетет

16 Теке 201912:39 Бишкек Govori.TV

Бишкек.16.07.2019.Govori.TV.

Бүгүн зыяратчылардын алгачкы тобу Бишкек-Медина каттамы менен учуп кетет. Бул тууралуу муфтият маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, 392 зыяратчы менен 8 ажы башчы бүгүн түнү биринчилерден болуп учат. Муфият зыяратчылардан кечикпей келүүнү суранат. Учакка каттоо «Манас −2» терминалында түнкү саат 1:00де башталат.

Жалпысынан 18 каттам болот. Алгачкы алты каттам Бишкектен 400 зыяратчы менен учат. Калгандары Ош шаарынан 300дөй зыяратчы менен жолго чыгышат. Акыркы топ 1-августта Жиддага жөнөйт.

Количество просмотров: 26