• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Бүгүндөн тарта Боомдо таш кулатуу иштери жүрөт

7 Бугу 20249:08 Бишкек Govori.TV

Боом капчыгайында таш кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы билдиришти.

7, 8, 10, 11-майда Бишкек—Нарын-Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында, Боом капчыгайында (темир жолдун 3902-чакырымы) жолго кооптуулук пайда кылган таштар түшүрүлөт.

Иш Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан көзөмөлдөнүп, унаа жол жарым-жартылай тосулат. Таш түшүрүү иштери саат 9:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт.

Количество просмотров: 92