• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

«Бөйрөктөн шыйрак чыгарбаңыз». Бекешев менен Өмүрзаков айтыша кетти

19 Тогуздун айы 202317:11 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 19-октябрда өткөн Жогорку Кенештин жыйынында депутат Дастан Бекешев менен Сүйүнбек Өмүрзаков айтышып кетти.

Мал урдоого жазаны күчөтүү боюнча мыйзам долбоорду талкулоо учурунда Дастан Бекешев төмөндөгүлөргө токтолду.

“Адам уурдаса 10 жылга кесилет, мал уурдаса 12 жыл. Муну оңдойлу”, — деди ал.

Долбоордун демилгечиси Сүйүн Өмүрзаков Бекешевдин айткандарына жооп берди.

“Тилди кысып сүйлөңүз. Сизди кечирем, сиз кечиримдүү адамсыз. Бөйрөктөн шыйрак чыгарбаңыз, элди башка жакка бурбаңыз. Сиздин мыйзамдагы нормалар башка мыйзамдарда бар”, — деди ал.

Количество просмотров: 179