«Бүтүн Кыргызстан» партиясы 11-июлда Бишкек, Токмок жана Ош шаардык кеңештерине өткөрүлө турган кайра шайлоого катышпайт. Бул тууралуу партиянын Саясий кеңеши билдирди.
«Акыркы шайлоо эч кандай эреже жок экендигин көрсөттү. Шайлоолор өлкөбүздөгү башаламандыктын жана социалдык-саясий чыңалуунун фактору болуп калды», — деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, кайра шайлоо 11-июлда өтөт. Шайлоого катышуу үчүн 18 партия документтерин тапшырды.