• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын арызын кароо 9-сентябрга жылды

7 Аяк оона 2020 19:43 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Свердлов райондук административдик соту «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын даттануусу боюнча отурумду 9-сентябрга жылдырды. Мындай чечимди бүгүн, 7-сентябрда судья Эгембердиева кабыл алды.

Кийинки отурумга күбө катары БШКнын мүчөлөрү, кызматкерлери чакырылды.

Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясы 3-сентябрда шайлоого саясий партиялардын тизмесин каттаган. БШКнын жыйынында жумушчу топ «Бүтүн Кыргызстан» партия «талапкерлерди аныктоодо эреже бузган» деп таап, партияны каттоодон баш тартуу сунушун берген. Жыйынтыгында БШКнын мүчөлөрү жумушчу топтун сунушун колдоого алып, «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясын каттоодон баш тартышкан. Буга байланыштуу «Бүтүн Кыргызстан» партиясы сотко кайрылган.

Количество просмотров: 116