• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

«Бүтүн Кыргызстандын» мүчөсү Ураимов 48 саатка камалганы айтылды

9 Бирдин айы 2022 0:24 Бишкек Govori.TV

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимов 48 саатка камалды. Бул тууралуу «Туран»  партиясынын мүчөсү Эрлан Бекчоро уулу Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Мирлан Ураимовду 8-февраль күнү кечки саат 19:30дар чамасында укук коргоо органдары Бишкектеги үйүнөн кармап кетишкен. Партиянын өкүлдөрү анын учурда УКМКда экенин божомолдошууда.

«Бүтүн Кыргызстандын» мүчөсү Орозайым Нарматова социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кармалган активистке бир нече күн мурун УКМКдан эскертүү берилгенинин жазды.

УКМК бул боюнча расмий маалымат бере элек.

Количество просмотров: 255