• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Баңги ташуучу эл аралык топ аныкталды

1 Жетинин айы 202410:47 Бишкек Govori.TV

УКМК жана Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлеринин чогуу иш-аракеттеринин аркасында Пакистан – Афганистан — Өзбекстан — Кыргызстан маршруту боюнча метамфетамин баңгизатын ири өлчөмдө ташуу менен алектенген эл аралык баңги тобунун иши токтотулду.

Кылтакка түшкөн С.У. аттуу жарандан жалпы салмагы 67,615 кг болгон 300 миллион сом суммасындагы метамфетамин табылып алынган. Ал жогорудагы маршрут боюнча Гонконг шаарына Казакстан аркылуу келген метамфетаминди жөнөтүүнү уюштурганы аныкталды.

Бул боюнча тиешелүү тергөө иштери башталды.

Количество просмотров: 195