• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Баңгизат саткан ири уюшкан топ кармалды

4 Бештин айы 202421:38 Бишкек Govori.TV

Бишкекте жана Чүй облусунда эл аралык баңги уюмуна мүчөлүккө шектүү топ кармалды. Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирет.

Бул топ Россия — Казакстан — Кыргызстан маршруту менен синтетикалык баңгизаттарды ири өлчөмдө ташуу жана сатуу менен алектенген. Тергөөнүн версиясы боюнча, бул топ «П. — Д» интернет дүкөнү аркылуу синтетикалык баңгизаттарын сатышкан. Тинтүү учурунда 8,7 кило салмакта мефедрон, клефедрон жана «туз» чыгып, алардын жалпы наркы 52,2 млн. сомду түзгөн.

Булардан тышкары карыздарды өндүргөн жана баңгизаттарды белгилүү жерлерге салууда өз иштерин жакшы аткарбаган «закладчиктерге» карата күч колдонуп жүргөн бир нече адам кармалган.

Бардык кармалгандар УКМК СИЗОсуна жана СИЗО-1ге киргизилди. Аларга тиешелүү мыйзам боюнча айыптар коюлат. Тергөө улантылып жатат.

КР УКМКсы баңгизаттарды жайылткандыгы үчүн 15 жылга эркинен ажыратуу жана мүлкүн конфискациялап алуу жоопкерчилиги бар экендигин эскертет. Ошон үчун бардык жарандарды баңгизаттар жана психотроптук заттар боюнча фактылары болсо, нөөмөт бөлүмүнүн телефондоруна чалып коюуну суранат: 0312 66 04 75, 0312 62 65 04.

Количество просмотров: 211