• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Баңгизат сатуу менен алектенген жаран кармалды

11 Жалган куран 2021 9:48 Бишкек Govori.TV

Баңгизат сатып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери Жалал-Абад облусунун аймагында баңгизат сатып жүргөн адамдар жөнүндө маалымат алышкан. Ошондой эле баңгизат саткандар сатып алуучуларды издеп жатышкандыгы тууралуу ыкчам маалыматка ээ болушкан.

Март айынын башында бул факт КЖБРга катталып, ИИМдин Ош шаарындагы Тергөө кызматы Жазык кодексинин 267-беренеси (Сатуу максатында баңгизаттарды, психотроптук каражаттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жашоочусу М.Н. экендиги аныкталган. Март айынын башында ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө баңгизат сатуу факты аныкталып, милиция кызматкерлери тарабынан салмагы 54,21 грамм болгон гашиш алынган. Баңгизаттын кезектеги партиясын сатуу учурунда Токтогул районунун жашоочусу 1971-жылы туулган туургуну М.Н. кармалган. Атайын операцияны Ош ОИИБдин атайын аскерлеринин жардамы менен жүргүзүлгөн.

«Операциянын жүрүшүндө баштыктан ширенкенин кутучасындай болгон 20 даана баңгизат табылган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, табылып, алынган зат 226,11 грамм салмактагы каннабистин чайыры (гашиш) болуп чыкты. Шектүүдөн жалпысынан 280 грамм гашиш алынды. «,-деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда иликтөө уланууда.

Количество просмотров: 73