Бишкек шаарына түштүк аймактан кара куурай ташыган топтун иши ачыкка чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Токтогул РИИБдин Тергөө кызматынын кызматкерлери 27-январга караган түнү саат 00:30 чамасында Токтогул шаарындагы Ош—Бишкек жолунан мурда каракчылык үчүн соттолгон 1997-жылы туулган Р.А. аттуу жаранды кармашкан.
«Анын жанынан кочкул-жашыл түстөгү кара куурайдай жыты бар зат табылган. Ошондой эле кара баштыктын ичинде гашиш жыттанган, кочкул-жашыл түстөгү, скотч менен оролгон 30 таңгактагы зат чыккан. Бул заттын жалпы салмагы 2 кг 788 граммды түздү», — деп айтылат маалыматта.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө уланып жатат