• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

№1 мекеменин медицина-санитардык бөлүктүн жетекчиси баңгизат менен кармалды

8 Баш оона 2020 9:31 Бишкек Govori.TV

№1 мекеменин медицина-санитардык бөлүктүн жетекчисинен кара куурай табылды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-август күнү эртең менен саат 09:50дө №1 мекеменин көзөмөл өткөрмө пунктунда №1 мекеменин медицина-санитардык бөлүктүн жетекчисинин баштыгын текшерүү учурунда кара куурайдын жыты бар, жашыл түстөгү, болжолдуу салмагы 2 кг 975 грамм болгон зат табылган.

Азыркы учурда аталган факт КЖБРдин Маалыматты эсепке алуу журналына №02-861-2020-000008 номери менен катталып, ЖАМКнын тергөө кызматы тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 196