• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Баңгизаттарды түзөтүү мекемелерине жеткирип жүргөн канал жок кылынды

25 Бугу 2022 17:11 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизаттарды эркиндигинен ажыратуу жайына жеткирип жүргөн туруктуу канал жок кылынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери менен Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын ыкчам бөлүмүнүн кызматкерлери биргеликте жүргүзгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде, эркиндигинен ажыратуу мекемесинин биринин түндүк-чыгыш тарабынан белгисиз буюмдарды өткөрүүгө аракет кылган жарандар кармалган. Алар Жалал-Абад облусунун тургуну 1995-жылы туулган Ч.Т. жана мурда соттолгон Чүй облусунун тургуну 1993-жылы туулган К.А. болушкан.

Алардан өзгөчө кескин жыты бар кочкул-күрөң түстөгү скочтолгон 4 таңгак зат алынган. Мындан тышкары, алардын ар биринин уюлдук телефондору, банк карталары жана паспорттору алынган.

Кармалгандар Чүй облусунун Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилди.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси («Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо») менен кылмыш иши козголду.

Соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгы боюнча кармалгандардан алынган зат 2 кг 147 гр 94 мг салмактагы кара куурай чайыры (гашиш) экени аныкталган.

Кошумча ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө кылмышка шектүүлөрдүн башка шериктештери аныкталган: алар Жалал-Абад облусунун тургундары 2002-жылы туулган М.К. жана 2002-жылы туулган К.Р.

Аларды ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери кармашкан.

Кармалган кылмыштуу шериктештеринин бири К.Р., мурда кармалышкан Ч.Т. жана К.А. менен биргеликте Юстиция министрлигине караштуу ЖАКтын №1 мекемесине баңгизатын «өткөрүү» үчүн барышкандыгы тууралуу мойнуна алган.

Мындан тышкары, кармалгандардын бири анын жашаган үйүндө «гашиш» баңгизаты бар экенин мойнуна алган. М.Кнын жашаган үйүнө шашылыш тинтүү жүргүзүү учурунда 798 гр 74 мг салмактагы «гашиш» баңгизаты табылып, алынган.

Алынган баңгизаттын жалпы салмагы 2 кг 946 гр түздү.

Андан ары иликтөө иштеринин жүрүшүндө Юстиция министрлигине караштуу ЖАКтын №1 мекемесинде отургандар менен кылмыштуу байланышы бар экени аныкталган.

Кийинчерээк толук өздүк маалыматтары аныкталган: алар Б.Б., Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 1985-жылы туулган, ошондой эле, «Абактын положенеци» макамына ээ болгон А.А. жана Т.А. экени такталган.

Учурда Юстиция министрлигине караштуу ЖАКтын №1 мекемесинде жазасын өтөп жаткан үч соттолгонго карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси («Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо») менен айып тагылууда.

Количество просмотров: 577