Азык-түлүк бааларын негизсиз көтөргөндөрү үчүн айып пулду 1 млн сомго чейин көтөрүү сунушталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев парламент жыйынында билдирди.
“Элибиздин, мамлекетибиздин кыйын болгон учурларында айрым биздин “эл душмандары” деп айтат элем, башкача сөз таба албайм, алар негизсиз бааны көтөрүп, кампаларынан товарларды чыгарбай дагы да кымбаттаганда сатам деп жатышат. Биз алардын жүзүн ашуубуз керек. Буларга күч органдары чара көрүп, элге аларды көрсөтүп турушубуз керек. Ушул тапта аларга айып пулдун көлөмү 17 миң сом экен, айып пулдун көлөмүн 1 млн сомго жеткирели деп мыйзам долбоорун сунуштап жатабыз”- деди.