«Баары жакшы, кенедей нерсени чуу жаратып, интернетке чыгарып ийишиптир» деген видеокайрылуу фейсбук баракчасына жарыяланды.
Анда видеону тартып жаткан жаран аялды жана эркек кишини көрсөтүп, «мына бул баланын апасы, бул атасы, баары жакшы. Чуу жаралып, интернетке чыгып кетиптир», — деп айтып жатканын угууга болот.
Эске салсак, буга чейин интернетте кичинекей баланы сабап жаткан адамдын видеосу тараган. Андагы маалыматтар боюнча кол көтөрүп жаткан адам баланын атасы экени айтылган.
Көп өтпөй бөлмөнүн ичинде баласын сабап, темир таяк менен чапкылаган кишинин өздүгү такталганы айтылган. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, учурда министрликтин Россиядагы өкүлчүлүгү аны кармоо иштерин жүргүзүп жатышат.
Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери видеодо өзүнүн баласын сабап жаткан адам Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда туулган 35 жаштагы Ж.Э. экенин такташкан. Ал жубайы (33 жашта) жана үй-бүлөсү менен бирге 2019-жылы 16-октябрда Россия Федерциясына учуп кетишкени аныкталган.