• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Баатырбеков кармалган депутат улуттар аралык кылмыштуу топтун башчысы дегенге 100% ишенбейт

27 Бирдин айы 2018 12:51 Бишкек Govori.TV
Бишкек.27.02.2018.Govori.TV
Кыргызстан фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков Казакстанда кармалган депутат Асылбек уулу Дамирбекти улуттар аралык кылмыштуу топтун башчысы деген маалымат туура эмес деп билдирди. Ал бул тууралуу АКИпресс агенттигине айткан. Биз Алмазбек Баатырбековго бир канча күндөн бери байланыша албай жатабыз.
«Азыр жабык тергөө жүрүп жатат. Казак тарап ишке жашыруун деген гриф коюп, кайра өздөрүнө ылайыктуу маалыматтарды таркатып жатканы өлкөнү жана укук коргоо органдарына жакшы ат алып келбейт. Экинчиден Асылбек уулу Казакстан жараны деген маалымат таратышкан. Бирок, кечээ ата-энеси барын түшүндүрдү. Эми башка темага которуп жатышат. Тийиштүү тараптар өз чечимин чыгаргандан кийин анан андай маалыматтарды таратышса жакшы болмок»,-деген Баатырбеков.
Ошондой эле Баатырбеков Асыылбек уулу топтун башчысы эметигине 100% ишеничте экенин айткан.
Эске салсак, кечээ Казакстандык КТК каналы кармалган депутат Асылбек уулу Дамирбек улуттар аралык кылмыштуу топтун башчысы болгондугун айткан.

https://www.youtube.com/watch?v=hEtaiRvmRj0

Количество просмотров: 12