• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Казакстандык блогер баткендиктерге 1 млн теңге которду

21 Аяк оона 2022 11:52 Бишкек Govori.TV

Казакстандык блогер Нурбек Нуртаза Баткен облусунун тургундарына жардам которуу үчүн ачылган бирдиктүү эсепке 1 млн теңге (болжол менен 170 миң сом) которду.

Нурбек Нуртаза апасы Ошто болорун жана ал жакка өзү да бир нече ирет келип кеткендигин билдирди. Блогер мындай окуялар эч жерде болбошу керектигин баса белгиледи. «Биздин колубуздан келгени акчалай жардам көрсөтүү гана. Биздин үй-бүлө кыргыз ыктыярчылары тарабынан түзүлгөн сайтка акча котордук. Биз дүйнө жүзүндөгү тынчтык үчүн», — деди казакстандык блогер.

Количество просмотров: 410