• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ташиев: Баламдай болуп калган жоокерлерди жоготтум, бирок мамлекеттин бүтүндүгүн сактап калдык

19 Аяк оона 2022 16:40 Бишкек Govori.TV

Баткенде, кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу, бирок оор экенин 19-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди

“Кырдаал оор жана стабилдүү. Бүгүнкү күндө “толук коопсуз болду, үйүңөргө кайткыла” деп айта элекмин. Оор техниканы чек арадан алып кетүү процесси жүрүп жатат, коңшулар менен кошо. Кээ бир жерде өтө оор жүрүп жатат. Түзүлгөн комиссия иштеп жатат. Ошол комиссиянын жыйынтыгы менен 1-2 күн ичинде толук коопсуз болгондон кийин гана элди кайра алып келгенге аракет кылабыз”, — деди ал.

Аксай аймагынын эли менен жолугуп жаткан Камчыбек Ташиев ар бир көз жумган жоокер үчүн жоопкер экенин айтты.

«Ата-энелер жоокерлерибизди мамлекетке кызмат кылсын, элибизди коргосун деп биздин колубузга тапшырган эле. Баламдай болуп калган жоокерлерди жоготтум. Бирок мамлекеттин бүтүндүгүн, чек арасын өз калыбында сактап калдык. Баатыр жоокерлерге таазим. Алар акыркы минуталарга чейин элим, жерим деп курман болду. Каза болгон жоокерлердин ата-энелери, мен силердин алдыңарда жоопкермин, балдарыңарды сактап бере албадым», — деди Ташиев.

Количество просмотров: 653