• Шейшемби 21 Бугу 2024
  • Вторник 21 Май 2024

Бабанов УКМКга суракка кирди

20 Баш оона 2019 15:22 Бишкек Govori.TV

Бишкек.20.08.2019.Govori.TV.

Бүгүн, 20-августта «Республика-Ата Журт» партиясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке суракка кирип кетти.

Ал суракка кирип бара жатып, журналисттердин анын саясатка кайтып келүү жөнүндөгү суроолоруна жооп берди.

«Мен саясат тууралуу пикиримди айткам, келбейм дегем. Мен саясатка эмес, мекениме келдим»,-деген пикирин билдирди.

Эске салсак, Башкы прокуратура 2017-жылдын 28-сентябрында ошол кезде президенттикке талапкер катары үгүт иштерин жүргүзүп жүргөн Бабановдун Ош шаарынын Амир-Темир кичи районундагы сүйлөгөн сөзү боюнча кылмыш ишин козгогон. Эми ал ошол иштин алкагында күбө катары суракка чакырылды. Кечээ, 19-августта Бабанов Финансы полициясында «Кыргызстан» банкы боюнча сурак берип чыкты. Мындан тышкары ага карата «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен да иш ачылган.

Теги:
Количество просмотров: 14