• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бабановдун УКМКнын абагынан жеке менчик клиникага которулганы айтылды

27 Теке 2021 12:13 Бишкек Govori.TV

Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов УКМКнын абагынан жеке менчик клиникага которулду. Бул тууралуу 24.kg агенттиги анын юристине шилтеме берүү менен жазды

Маалыматка караганда, Өмүрбек Бабановдун жүрөгү ооруп, «Авиценна» медициналык борборуна жаткырылган.

Эске салсак, Өмүрбек Бабановду 31-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет камакка алган. Ага Жазык кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлган. Биричи май райондук соту саясатчыны 31-июлга чейин тергөө абагында калтырган.

2011-2012-жылы премьер-министр болгон Бабанов кылмыш ишин “абсурд” деп атаган. Атайын кызмат ага тергөө учурунда алынган далилдердин негизинде иш козголгонун билдирген.

Количество просмотров: 114