• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бабанов журналист Карымшаковго каршы 1 млн сомдук доосун кайтарып алды

18 Жетинин айы 202417:42 Бишкек Govori.TV

Ишкер, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов эркин журналист Эламан Карымшаковго каршы берген доо арызын артка кайтарып алды. Бул тууралуу журналист фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, соттук териштирүүнү токтотуп, мунасага келүү боюнча Өмүрбек Бабановдун өкүлдөрү менен жолугуп, ушундай чечим кабыл алынган. Жыйынтыгында 18-ноябрдагы соттук отурумда ишкердин өкүлдөрү 1 млн сомдук доо арызды кайтарып алган.

Эске салсак, Өмүрбек Бабанов эркин журналист Эламан Карымшаковдун Ютуб каналындагы Болотмамбет Жээнбековдун интервьюсу “ар-намысыма шек келтирди, ишкердик беделиме доо кетирди” деп экөөнөн бир миллион сомдон моралдык компенсация өндүрүп берүүнү өтүнгөн

Количество просмотров: 165