• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Жапаровду жандаган Бабанов… Өкмөт башчы Бишкектеги IT-коворкинг борборунун иши менен таанышты

20 Аяк оона 2023 17:43 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы IT-коворкинг борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, таанышуунун жүрүшүндө республиканы санариптик жактан өнүктүрүү мамлекеттик ишмердүүлүктүн негизги багыттарынын бири экени белгиленди.

IT-борборго болгон сапарда министрлер кабинетинин төрагасына борборду мындан ары өнүктүрүү пландары, фрилансерлер үчүн коворкинг, IT-хаб жана анын башка мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды.

Акылбек Жапаров бизнести өнүктүрүү, анын ичинде маалыматтык технологиялар тармагында жалпы экономиканын өнүгүшүнө мультипликативдик таасир берээрин белгиледи.

“Жеке бизнеске маалыматтык технологияларды колдонууга жана жогорку көрсөткүчтөргө жетишүүгө мүмкүндүк берген IT-чечимдери мамлекеттик көйгөйлөрдү чечүү үчүн жаңы инструмент болуп калышы мүмкүн жана өлкөдөгү санариптештирүү процессин тездетүүгө жардам берет. Учурда өлкөдө ишке киргизилген IT-чечимдердин көбү бизнеске жана мамлекеттик органдарга санариптик трансформация көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берүүдө. Жыл сайын аларга суроо-талап өсүүдө. Биз аны жайылтууга мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүүгө, ошондой эле бул тармакты өнүктүргөн компанияларды колдоо боюнча кошумча чараларды көрүүгө даярбыз”, — деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы тараткан сүрөттөрдө Министрлер кабинетинин төрагасын Өмүрбек Бабанов жандап жүргөнүн көрүүгө болот.

Количество просмотров: 240