• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Ташиев Бабанов Кумтөр иши боюнча акталганын айтты

28 Жетинин айы 2023 17:00 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Кумтөр ишине байланыштуу 20га жакын мамлекеттик жооптуу кызматкерлер жоопко тартылганын айтты.

Ташиев жоопко тартыла тургандар арасында мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов болгонун, бирок анын кылмыш иши далилденбегендиктен жалгыз акталып чыккан адам болгонун билдирди. Мындан сырткары Өмүрбек Бабанов жакында эле мамлекетке жардам иретинде 1 млрд сом бергенин кошумчалады.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Аманбаев айыл өкмөтүнүн жаңы имаратын Өмүрбек Бабанов куруп берген. Ага 1 млн АКШ долларынан ашуун каражат сарпталган.

Улуттук коопсуздук комитети Өмүрбек Бабановду 2021-жылы 31-майда кармаган. Атайын кызмат тергөөнүн жүрүшүндө саясатчынын күнөөсүн далилдеген айныгыс фактылар табылганын билдирген.

Бабанов өзүнө козголгон кылмыш ишин “абсурд” деп атаган. 2021-жылы 27-июлда ден соолугуна байланыштуу абактан бошотулуп, дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгып кеткен жана ошол жылы сентябрда Кыргызстанга кайтып келген.

Количество просмотров: 258