• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бабановдун уулу президент Жээнбековдун колунан алтын сертификат алганы кызыгуу жаратты

3 Теке 2018 11:57 Бишкек Govori.TV
Бишкек.03.07.2018.Govori.TV.
Бүгүн Президент 2018-жылы мектепти аяктап жаткан мыкты бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, аларга алтын сертификаттарды тапшырды. Мыкты бүтүрүүчүлөрдүн арасында мурдагы депутат, Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун уулу Нурэмир дагы бар.
Sputnik.kg сайты президент Сооронбай Жээнбеков Нурэмир Бабановго сыйлык тапшырып жатып бетинен өөп салды деп жазса, Super.kg сайты Нурэмир Бабанов «Алтын сертификатты» колдонбой турганы жөнүндө макала чыгарды. Ошондой эле Бабановдун уулу чет өлкөдө окууну пландап жатканын билдирди.
Ал эми, быйылкы жылы Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында эң жогорку балл Нурэмир Бабановдон тышкары? 58 улан-кыз  алган, алардын 43ү Бишкектен, Ош облусунан 4, Нарын облусу боюнча Атбашы районунан 3, Ысык-Көлдөн 3, Чүй менен Таластан 2ден, Баткен менен Жалал-Абаддан 1ден окуучу алтын сертификатка ээ болушат.
Эске салсак, президенттик шайлоодо экинчи орун алган Өмүрбек Бабанов былтыр октябрь айында өлкөдөн чыгып кеткен. 2017-жылы 4-ноябрда Өмүрбек Бабановго «Конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө ачык чакырык жасоо. Улут аралык, расалык жана диний кастыкты козутуу» беренелери менен иш козгогон.
Ага анын шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүндө Ош шаарындагы өзбек улутундагы шайлоочулар жашаган Он-Адыр аймагына барган учурда сүйлөгөн сөздөрү негиз катары каралууда.
Мындан тышкары, Бабанов Жаңы жылдык майрам алдында билдирүү таратып, депутаттык мандатын өз эрки менен тапшырып, саясаттан кете турганын айткан. Ал партиялык ишмердиктен да кетип жатканын белгилеген.

Сүрөт: Sputnik.kg

 

Количество просмотров: 26