• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бабановго үй-бүлөсү менен жолукканга уруксат берилди

17 Кулжа 2021 15:01 Бишкек Govori.TV

«Кумтөр иши» боюнча камалган мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановго үй-бүлөсү менен жолукканга уруксат берилди. Бул тууралуу Бабановдун адвокаты Амантур Абдырахманов билдирди.

«Буга чейин ишти тергеген тарап Бабановго жакындары менен көрүшкөнгө уруксат бербей, биз арыз менен кайрылган элек. Бүгүн биздин өтүнүч канааттандырылды. Аялы менен уулу ага жолугуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду», — дейт ал.

Бабанов учурда Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында отурат. Ал 31-майда “Кумтөр иши” боюнча УКМКга суракка баргандан кийин кармалган.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 31-июлга чейин камалган.

Количество просмотров: 287