• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бабановго козголгон иштер токтоду, ал мамлекетке 100 млн сом төгөт

24 Жалган куран 2021 11:09 Бишкек Govori.TV

Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановго карата сотко чейинки өндүрүш иши токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бабановго карата мурда козголгон кылмыш иштерин тергөөнүн жыйынтыгында мамлекеттин, юридикалык жактардын жана жарандардын кызыкчылыктарына зыян келтирүү фактыларынын жоктугунан улам өндүрүш иши токтотулган.

«Мамлекеттин эсебине 100 миллион сом өлчөмүндө каражатты өз ыктыяры менен которуу боюнча Бабанов менен келишим түзүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 229