• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бабановго өлкөдөн чыгууга тыюу салынган эмес

26 Аяк оона 2019 17:03 Бишкек Govori.TV

«Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов бир нече кылмыш ишинде күбө катары өтүп жаткандыктан, анын өлкөдөн чыгышына тыюу жок. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин расмий өкүлү Рахат Сулайманов билдирди. Анын айтымында, мыйзам боюнча күбө катары өтүп жаткан адамдарды сыртка чыгышына чектөө коюлбайт.

Бүгүн Өмүрбек Бабанов Москвага учуп кеткени белгилүү болгон. Анын санаалаштары ал жакынкы күндөрү кайтып келерин айтышууда. Азырынча саясатчы эмне максат менен кеткени белгисиз.

Өмүрбек Бабанов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматта (Финансы полициясы) азыркы тапта өзүнө байланыштуу баш-аягы сегиз иш иликтенип жатканын айткан.

Алардын ичинен төртөөнүн чоо-жайы белгилүү. Калган иштер боюнча Бабанов өзү да, мамлекеттик мекемелер да маалымат бере элек.

Буга чейин Өмүрбек Бабанов өзүнө козголгон иштер боюнча УКМК менен Финполицияга бир нече жолу сурак берип чыккан.

Количество просмотров: 49