Багар-көрөрү жок 25 баланы асырап алган Иса Өмүракунов каза болду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, 25-декабрда Өмүракунов узакка созулган оорудан улам 52 жаш курагында көз жумду. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 27-декабрда өтөт.
«200дөн ашуун бала атасыз калды. Жубайы экөө өлкө боюнча 200 же андан көп балдарды тарбиялап, жылуу мамиледе болушкан. Ал эми ар кайсы улуттагы, ар кандай курактагы балдар аны Ата деп аташкан», — деп жазды социалдык тармактын колдонуучусу Нуриля Чолпонбаева.