• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Байбакпаев менен Икрамовдон COVID-19 табылганы айтылды. Депутат Байбакпаев маалыматты четке какты

25 Кулжа 2020 20:52 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаттары Тазабек Икрамов жана Экмат Байбакпаевден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу өздүк булактарына таянуу менен 24.kg агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка караганда, эл өкүлдөрү учурда үй карантининде дарыланууда.

Бул арада Жогорку Кеңештин депутаты Экмат Байбакпаев коронавирус жуктуруп алды деген маалыматты четке какканын  Reporter.kg сайты  жазды.

“Мени коронавирус жуктуруп алды деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Анткени биз тапшырган анализдин жыйынтыктары али чыга элек. Жакынкы күндөрү чыгышы керек. Мен азыр өзүм билип эле 2-3 күндөн бери үй карантининде отурам. Баары жакшы”, – деп билдирген депутат.

Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин дагы эки депутатынан коронавирус аныкталганы кабарланып, бирок инфекция жуктурган депутаттардын ысымдары аталган эмес.

Количество просмотров: 234