• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Байден Навальныйдын жубайы жана кызы менен жолукту

23 Бирдин айы 202412:19 Бишкек Govori.TV

АКШнын президенти Жо Байден маркум орусиялык оппозиция лидери Алексей Навальныйдын жубайы жана кызы менен жолугушту. Бул тууралуу маалымат каражаттары жазды.

Маалыматка ылайык, АКШнын президенти Орусияга каршы кошумча санкцияларды киргизүүгө даярданууда.

Орусиянын Жазаларды аткаруу боюнча федералдык кызматы камакта отурган оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын өлүмү тууралуу 16-февралда билдирген. Мекеменин версиясы боюнча, саясатчы өзгөчө режимдеги «Полярный волк» абагында түшкү сейилдөөдөн кийин каза болгон. Андан бир нече күн мурда Навальный 27чи жолу абактын кадимки камераларына караганда шарттары кыйла оор айып изоляторуна киргизилген.

Количество просмотров: 163