• Шаршемби 21 Чын куран 2021

Байдын баласы депутат болот, бийдин баласы бий болот. Депутаттыкка ким баратат?

19 марта 2021 в 18:56 Бишкек Govori.TV

Өлкөдөгү 28 шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо өнөктүгү кызуу жүрүп жаткан чагы. 796 мандат үчүн 28 партиянын тизмеси менен 11 782 талапкер ат салышууда. Башкача айтканда, бир депутаттык орунду орто эсеп менен 14 адам талашып жатат. Шайлоо 11-апрелде өтөт.

Байкасак, шайлоого баары аттанды. Учурда партиялар арасында атаандаштык күч алды. Баарынан кызыгы, шаардык кеңешинин депутаттыгына Жогорку Кеңештеги эл өкүлдөрүнүн, саясатчылардын, аткаминерлердин,  бапестеп баккан уул-кыздары баратат.

Мисалы, «Социал-демократтар партиясы» менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кичүү уулу Кадырбек Алмазбекович аттанды. Ал 28 жашта, эч жерде иштебейт.

Жолдошбаева Наргиза Камчыбековна, 38 жашта. «Беш-Сары-К» компаниясынын башкы директору. Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин кызы.

Абдраимов Акжол Туйгунаалиевич, 34 жашта. Kainar Navi,  жана «ГОЛД СТАР» ишканаларынын жетекчиси. Чүй облусунун мурдагы жетекчиси Туйгуналы Абдраимовдун уулу.

Өмүракунов Аскар Мухтарбекович, 25 жашта. Партиянын лидери. «Замандаш» партиясынын негиздөөчүсү Муктарбек Өмүракуновдун уулу.

Пирматова Асель Айтбаевна, 51 жашта. Бишкек шаардык кеңешинин депутаты. Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматовдун бир тууганы.

Асанова Элнура Курсановна, 28 жашта, жеке ишкер. Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун кызы.

Назаралиева Алима Жеңишбековна, 22 жашта, жумушсуз. Белгилүү нарколог, КР президенттигине талапкер Жеңишбек Назаралиевдин кызы.

Ташиев Тай-Мурас Камчыбекович 27 жашта. “Томас и Ко” ЖЧКСынын директорунун орун басары. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдинбаласы.

Шарапова Жибек Закировна, 31 жашта. «Сезимтал» инклюзивдүү билим берүү мектеби» мекемесинин башкы директору. Жогорку Кеңештин депутаты Закир Шараповдун кызы.

Дагы санай берек шайлоого аттанган атактуулардын жакындарынын саны жалпы 24 кө жетет. Шаардык кеңештин депутаттары бекер иштей турганын белгилей кетүү керек, бир гана төрагасына маяна чегерилет. Анысына карабай, беделдүү саясатчылардын шайлоого аттанганынын себебин өз ооздорунан уксак. Ал эми президенттик шайлоодо талапкер болгондор эмне дейт?

Айрымдары президентикке талапкер болгондор менен эл өкүлдөрүнүн жергиликтүү шайлоого аттанышын алдыдагы боло турчу парламенттик шайлоо менен байланыштырып жатат. Мунун канчалык чыныдыгы бар убакыт көрсөтөт…

Количество просмотров: 290