25-26-27-январь күндөрү “GOVORI.TV” агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында онунчу тренингин өткөрдү. Ага өлкөбүздүн булуң-бурчунан айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер келген.
Алардын бири 36 жаштагы Элизат Байгараева 3 баланын энеси.
«Талас райондук билим берүү бөлүмүндө методист болуп эмгектенем. 2017-жылдан тарта коомдук иш-чараларга активдүү катышып келе жатам. Коомдо аялдардын зордук-зомбулукка кабылышы көйгөйлүү маселе. Ошол себептүү жабыркаган аялдарга жардам колун сунуп, бул багытта иш алып барууну өздөштүргүм келет»,-деди ал.