• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Байгазиев: Кыргызстанда кечкисин электр энергияны керектөө максимумга жетти

12 Бештин айы 2022 13:04 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда кечкисин электр энергияны керектөө максимумга жетти. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААК башкармалыгынын төрагасы Таалайбек Байгазиев билдирди.

“Кечки маалда электр энергиянын керектөөсүнүн максимуму 3 миң 350 мегаватт саатка жетип, резервге калбай калууда. Бишкек ЖЭБинин кубаттуулугун көтөрсөк, экологияга зыян келтиргени жатат. Учурдан пайдаланып, керектөөчүлөрдөн саат 18:00дөн 21:00гө чейин үйдү жылытуучу электр шаймандарды өчүрүп турууну суранабыз. Ал эми түнкүсүн же күндүз аны сайып койсо болот”, — дейт ал.

Байгазиев электр кубатынын суткалык керектөөсү 70 млн кВт саатка жеткенин белгилеп өттү.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын башкы директору Алтынбек Рысбековдун айтымында, авариялык өчүрүүлөр электр жарыгынын керектөөсүнүн жогору болгону менен түшүндүрүлөт.

“Министрлер кабинетинин токтомунун негизинде жыл башында электр энергиянын керектөөсүнүн лимити бекитилет. Учурда республика боюнча бардык облус лимиттен ашууда. Электр жабдуулар ашыкча жүк менен иштеп жаткан учурлар толтура. Ага карбастан, авариялык бригадалар жабдыктар менен толук камсыздалып, өз убагында ишин аткарууда”, — деди Рысбеков.

Количество просмотров: 110