• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Байге фонду 3 млн сом. Чолпон-Атада ат оюндары өтөт

24 Жалган куран 202514:20 Бишкек Govori.TV

Чолпон-Атада ат чабыш жана ат оюндары өтөт. Байге фонду 3 млн сом. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-майда Чолпон-Ата ат майданында министрлер кабинетинин төрагасынын — президенттин администрациясынын жетекчисинин байгесине ат чабыш жана ат оюндарын камтыган чоң ат спорту майрамы өтөт.

Программада:

2 жаштагы таза кандуу англис породасындагы импорттолгондор аттары үчүн ат чабыш — 1200 м.

Кунан жорго, 2 жылдык жорголордун жарышы — 2 айлампа — 3600 м.

Кыргызстанда туулган таза кандуу англис породасындагы 2 жаштагы жылкылар үчүн ат чабыш — 1400 м.

Кыз куумай — жуптар.

2 жаштагы аттар үчүн ат чабыш (жарым кандуу тобу) 1400 метр.

Бышты жорго, 3 жылдык жорголордун жарышы – 3 айлампа -5400 метр.

3 жаштагы англис таза кандуу породасындагы импорттолгонат чабыш-1600 метр.

Тыйын эңмей.

Кыргызстанда туулган таза кандуу англис породасындагы 3 жаштагы жылкылар үчүн ат чабыш — 1800 метр.

Жорго Спринт – 1 айлампа — 2000 метр.

3 жаштагы жана андан чоң аттар үчүн ат чабыш – жарым кандуу тобу) — 2000 метр.

Жорго салыш — 4 жаштагы жана андан чоң жорголордун жарышы — 5 айлампа – 9000 метр.

4 жаштагы жана андан чоң англис породасындагы импорттолгон жылкылар үчүн ат чабыш-2000метр.

Лотерея ойнотуу.

Кыргызстанда туулган 4 жаштагы жана андан чоң англис таза кандуу жылкылар үчүн ат чабыш — 2000 метр.

Аламан байге — аралык 20 км. 11 айлампа .

Ошондой эле айыл чарба жарманкеси, асыл тукум жаныбарлардын көргөзмөсү, жылкы аукциону, чоңдор жана балдар үчүн ар кандай сынактар уюштурулат.

Количество просмотров: 195