• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Байсалов: «Биз өзүбүздөн өндүрүлгөн азык-түлүктү сатып алышыбыз керек»

16 Бештин айы 2022 10:23 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Бир айыл-бир продукт 2022» улуттук бренддеринин сынагы өтүп жаткан учурда улуттук өндүрүштү колдоо ирээтинде өлкөдөн өндүрүлгөн азык-түлүктү сатып алып, колдонуу керектигин билдирди.

Кошумчалай кетсек, бүгүн, 2022-жылдын 16-декабрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлиги Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) менен биргеликте “Hyatt Regency B “Бир айыл – бир продукт 2022” улуттук бренддердин сынагын өткөрүүдө.

Иш-чарага министрлер кабинетинин жетекчилиги, КР Экономика жана соода министрлиги, чет мамлекеттердин элчилери катышышты.

Ысык-Көл, Нарын, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы аймактык жайлар/бренд комитеттери ар бир аймактагы бренд тарабынан бааланган жана аймактык бренд сертификаттары менен сыйланган мыкты продукцияларын тартуулашты.

2020, 2021 жана 2022-жылдар үчүн жалпысынан 137 продукт тандалып, 2022-жылдагы Улуттук бренд сынагына көрсөтүлдү. Алардын ичинен 23 позиция эң мыкты продукт катары көрсөтүлгөн.

Количество просмотров: 240