• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Байсалов «лжепатриоттор» кимдер экенин айтты

15 Баш оона 202210:25 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов президенттин «Жетим-Тоо» кени боюнча өзүнүн пикирин билдиргенин белгилеп, лжепатриоттор деген кимдер экенине кеңири түшүндүрмө берди. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды.

“Президент өлкөдөдөгү ири долбоорлор боюнча пикирин айтып, мындай өлкө үчүн керектүү жана пайдалуу иштерди негизсиз жолтоо болгондор жөнүндө айтып өттү.

Алардын максаты так белгилүү: кандай болсо да кайсы бир шылтоону таап, ызы-чуу салып, азыркы стабилдүүлүктү бузуп, кезектеги төңкөрүш уюштуруу. Ички сырткы «заказчиктери» да анык. Өздөрү деле жашырбайт: баланчадан мынча акча келди, мобундай план иштелип чыкты деп айтып мактанышат.

Лжепатриоттор бийликке “элдин жашоосун оңдогула, иш орундары менен камсыз кылгыла, казынаны толтургула” демиш болуп, өкмөттүн кандай гана ниети, иш чарасы болбосун, ошо замат жамандап, элдин пикирин тескери буруу менен алек, айтор мамлекеттин ийгиликке жолун бууганга куштар», — деп жазат Байсалов.

Количество просмотров: 1151