• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Байсалов Самыйкожонун парламенттеги сөзүнө жооп берди

28 Аяк оона 2022 17:21 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожонун 28-сентябрда парламентте айткан сөзүнө жооп берди.

Белгилей кетсек, эл өкүлү ЖК трибунасынан кайрылуу жасап, анда президент Садыр Жапаровго кайрылып, аны өлкөдөгү соңку жагдайга байланыштуу маалымат берүүгө чакырган.

Эдил Байсаловдун жообун өзгөртүүсүз беребиз:

«Урматтуу депутат Мирлан Самыйкожонун сөзү Жогорку Кеңеш эч кимдин астында чөгөлөбөй турганын, үстүндө кудайбыз деген адамдар жок экенин, демократиябыздын дагы бир көрсөткүчү.

Саясий дискуссия, талаш-тартыш парламентте болушу керек жана ага жалпы элибиз дагы, бийлик дагы кызыкдар. Ошол үчүн 2021-жылы бир мандаттуу жана партиялык ачык тизме аркылуу таза шайлоо өттү. Ал шайлоодо Мирлан Самыйкожо, Адахан Мадумаров, Сеид Атамбаев баштаган депутаттар шайланып келди. Президенттин парламентти куурчак кылуу максаты жок, ошондуктан партиясын дагы шайлоого чыгарган жок. Депутаттардын сөзү оозунда, трибуна колунда.

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы менен өкмөт мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн өз ара түшүнүшүү менен тыгыз иштешип жатат. Талаш-тартыш, эмоциялар мамлекет үчүн гана.

Тышкы күчтөрдүн максаты — бизди өз ара араздаштыруу, ыркты кетирүү экенин билесиздер. Бул ачыктан ачык эле белгилүү. “Кыргызда туруктуу мамлекет жок жана болгон эмес, булар кой айдап, кокту колотто эле турган сабатсыз көчмөн, эч тартиби жок, бири-бирине баш ийбейт, тез эле дагы бир жолу кубалашып, жакында жок болушат” — деген кеп. Былтыр апрелдеги кол салуунун негизги себеби жана максаты ошол болгон. Ички дестабилизация. Азыр деле ошондой.

Урматтуу депутат жана эл жакшылары, душмандын максатына жол бербейли. Сиз бүгүнкү чек арада болгон кырдаалды бирөөнүн “шалаакылыгы, кайдыгерлиги” деп баамдооңуз негизинен туура эмес. Мекенибиз, тарыхыбыз, тагдырыбыз, азыркы абалыбыз — бул бирөөнүн күнөөсү деп кантип айтабыз? Тынч жаткан айылдарга душман саат алтыда кол салганда, биздин аскерлер баатырча туруштук бере алышкан жок деп ким айта алат?

Эл аралык мамилелерге келгенде биз бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаралы. Өзүңүз айткандай, кароосуз калган калк эмеспиз. Президентибизди колдоп, мамлекетке баш ийип, тартипти сактап, бекем туралы. Кандайдыр бир эмоциялар ашыкча чыгып кеткен болсо, аны жабык эшиктин артында калтырып, душманга таба болбой, ачыкка чыгарбайлы. Саясий жана тарыхый жоопкерчилик ошондо!

Мындай кырдаал баш сынса бөрк ичинде, кол сынса жең ичинде дей турган учур.

Бардык иш көзөмөлдө жана карт тарыхтуу калкыбыздын кызыкчылыгында гана чечилет.

Мамлекет жетекчилиги коңшу менен ар кандай конфликтти сүйлөшүү жолу менен чечкенге кызыктар жана аракет кылууда. Болбосо чек ара коргоп жан берген уулдарыбыздын уучу кур эмес. Бирок согуш жолу Кыргызстанды гана эмес, жалпы регионду дестабилизацияга алып келип, көп миндеген курмандыктарга себеп болот.

Парламент эң маанилүү чек ара маселесинде акыркы сөздү айта турган бийлик бутагы. Кыргыз-тажик чек арасы боюнча дагы, кыргыз-өзбек чек арасы боюнча дагы ратификацияны парламент кылат. Бул маселелерге келгенде тарыхый жоопкерчиликти сезе билүү бул азыркы бийлик бутактарына бирдей түшкөн патриоттук милдет.

Ал эми кандайдыр бир популисттер, ички душмандар “бул бийлик жерди сатты” деген лозунганы көтөрүп чыга турушкан болсо, алдын ала айтып коюу керек: чек ара маселелерди себеп кылып, элибиздин жалпы тагдырына балта чаап, ынтымак жана тынчтыкка шек келтире тургандарды эл кечирбейт».

Количество просмотров: 123