Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов балбан Жоламан Шаршенбеков менен сүйлөшкөнүн айтып, билдирүү жазды.
«Мен азыр Жоламан баатыр менен байланышып, сүйлөштүм. Ал Өзбекистанда сбордо машыгууда. Журналисттер сөздөрүн контексттен жулуп алып чыгарып, ал чоң саясат, сенсация болуп кеткенине өзү таң калып жатат. Мен Жоламанга капа болбо, көңүлгө алба деп айттым»,-деген Байсалов президент Садыр Жапаров дагы, генерал Камчыбек Ташиев дагы Жоламанды колдой турганын билдирди.
«Баласындай жакшы көрүшөт керек болсо. Балбаныбызга, мамлекет жетекчилиги анын пикирине эч кандай терикпегенин, көңүлгө албасын жеткиздим. Тек гана ийгилик тилешет! Жоламан Шаршенбеков далай жеңиштерге жетип, кыргыз туусун көтөрүп, тууну карап ураан ырды ырдап, 7 миллион кыргызга эмоция тартуулаган балбан катары туу боюнча айтканы — ал тууну сүйгөнү. Аны билип туруп, чемпионубузду саясатка аралаштырып, түрткүлөгөн, чагымчылдыкка барган журналисттерге жол болсун. Туу — бул символ. Тууну сүйгөнүбүз, кыргыздын бүтүн жерин, биримдиктүү элин, өнүккөн өлкөсүн, күчтүү мамлекетин сүйгөнүбүз. Атаңдын калпагы өзгөргөндөн атабызды сүйбөй калбайбыз. Ошондуктан эмоцияны жыйыштырып мамиле кылалы.
Алаксыба, Жоламан! Патриот жана жаран катары мамлекет мыйзамын сыйлап, улутубуздун жаңы туусуна баш ийип, аны желбиретериң да анык. Жоламан башка балбандарыбыз менен азыр Олимпиадага жана маанилүү турнирлерге даярданууда. Анын атын саясатка аралаштырбайлы туугандар»,-деп жазды Байсалов.
Эске салсак, айрым маалымат каражаттары грек-рим күрөшү боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Жоламан Шаршенбеков Кыргызстандын желегин алмаштырууга каршы экенин жазышкан. Анда спортчу: «Мен желекти алмаштырууга каршымын. Алар өзгөртүүгө байланыштуу эч кандай чыгым болбой турганын айткан эле. Менде эски желек бар. Жаңысын сатып алуу планым жок», — деп айткан. Бул тууралуу социалдык тармакка чыккан жаңылыктын алдына УКМК башчысы Камчыбек Ташиев калтырган комментарий талкуу жаратты.

Ошондой эле президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев, Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов да буга байланыштуу билдирүү жазышкан болчу.