• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бакчадагы балдарга кол көтөргөн тарбиячыга карата кылмыш иши козголду

23 Жетинин айы 2018 14:13 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 23.11.2018.Govori.TV.
Жалал-Абад шаарындагы бакчадагы балдарга кол көтөргөн тарбиячыга карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, «Денеге залал келтирүү» фактысы ички иштер органында катталып, бала бакчада иштеген тарбиячынын өздүгү такталды. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси менен («Жашы жетпегендерди тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо») кылмыш иши козголду.
Учурда тергөө кызматы териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.
Буга чейин, Жалал-Абад шаарынын № 21 бала бакчасынын тарбиячысы ички иштер башкармалыгында сурак берген. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Алардын маалыматында, үч жашар кыздын апасы тарбиячы кол көтөргөндүгүнө даттанып, арыз менен кайрылган. Ал 29 жаштагы тарбиячы экендиги аныкталды. Арыз денеге залака тийгизүү фактысы менен катталган.
Белгилей кетсек, социалдык тармакта кичи тайпанын тарбиячысы бөбөктөргө кыйкырып, кол көтөргөн видеосу таркаган.
Количество просмотров: 57