Президент Бакиев келет дегенге жооп берди. Бул боюнча комментарий Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берди.
«Жакында эле “Бакиев келет экен” деп бир дүрбөп чыгышты эле. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн бирөөсү мага чыгып: “Эски жараны козгобой эле койбойсуңарбы”, — дейт. – “Эмне жара?” — десем, — “Бакиев келе жаткан турбайбы”, — дейт. “Келсе эмне болуптур? 15 жылдан бери алып келе албай жаттыңар эле го? Келсе жакшы болуптур да. Кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз. Бир жагында силер — Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, экинчи жагында Бакиев олтурат дагы, соттук териштирүүлөр болот. 15 жыл мурда болгон жашыруун сырлардын баары ачылат эле да”, — десем, — “Ошонун кереги жок эле да”, — дейт. Демек, корко турган бир нерселери бар да», — дейт президент.