• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бакиевден интервью алган Кадыр Кошалиев УТРКдан кетти

23 Бугу 2023 13:33 Бишкек Govori.TV

Кадыр Кошалиев УТРКдан кетти. Бул тууралуу Улуттук каналдын соцтармактагы баракчасына жарыяланды.

Маалыматта айтылгандай, Улуттук телерадиокорпорациясынын 1-каналынын кабарчысы Кадыр Кошалиевдин мурдагы президент К.Бакиев менен болгон интервьюсу коомчулукта кызуу талкуу жаратып, түрдүү пикирлердин жаралышына себеп болду.

«УТРКнын этика жана тартип комиссиясы атайын иликтөөлөрдү жүргүзүү менен корутунду чыгара электе, Улуттук телерадио корпорациясынын кабарчысы Кадыр Кошалиев корпорациянын атына көлөкө түшүргүсү келбей, өз каалоосу менен кызматтан кетти»,-деп айтылат маалыматта.

УТРКнын билдирүүсүндө аталган маекти кабарчы корпорациянын жетекчилиги менен макулдашпай, өзүнүн жеке демилгеси менен тартып келген. Аны тартууга техникалык каражаттарды жана башка чыгымдарды жабууга каражатты Корпорация бөлүп берген эмес. Ошондой эле, бул берүүнү эфирге берүү планда каралган эместиги белгиленген.

Кошумчалай кетсек, Кошалиев УТРКда көп жылдан бери эмгектенип, буга чейин деле түрдүү жанрдагы бир катар автордук программаларды эфирге чыгарып келген.

15-майда Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиевдин Курманбек Бакиевден алган маеги жарыяланган. Бул коомчулукта кызуу талкуу жаратты.

Ал эми Кошалиев өз дарегине айтылган сындарга жооп берип, эч кандай мыйзамды жана журналистиканын эрежелерин бузбаганын айткан.

Количество просмотров: 72