• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Улуттук телерадио корпорациясынын мурдагы орун басары Адыл Акжол уулу кармалды

12 Баш оона 202419:44 Бишкек Govori.TV

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын (УТРК) директорунун мурдагы орун басары Адыл Акжол уулу кармалып, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 5-августтагы чечими менен №1 тергөө абагына 4-октябрга чейин камакка алынды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ага кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып таккандыгы  боюнча боюнча камакка алынганы айтылуу. Азырынча УКМКда, Адыл Акжол уулунун жакындары адвокаттары дагы коюлган айып тууралуу комментарий бере элек.

Адыл Акжол уулу өткөн жылы июль айында УТРКнын директорунун орун басары болуп дайындалып, бул кызматтан быйыл март айында кеткен.

Адыл Акжол уулу блогер катары таанымал. Анын өзүнүн аты-жөнү менен ачылган Ютуб каналында 800 миӊге жакын катталуучусу бар.

Количество просмотров: 232