• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

УТРКнын кызматкерлери миллиондорду уурдаган деп айыпталууда

18 Бирдин айы 202513:58 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети УТРКнын кызматкерлерине миллиондогон акча уурдоо фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Kaktus.media сайты укук коргоо органдарындагы булактарына шилтеме берип жазды.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, сөз Париждеги Олимпиада оюндарын жана Евро-2024 оюндарын көрсөтүү учурундагы жарнамадан, ошондой эле башка өлкөлөрдөн келген гранттардан түшкөн 200 миллион сом жөнүндө болуп жатат.

Кошумчалангандай, мындан тышкары УТРКга караштуу “Кыргызтелефильмден” 25 миллион сом өлчөмүндөгү акча каражатын уурдоо фактысы да иликтенүүдө. УКМКнын кызматкерлери бул иш боюнча студия жетекчилеринин бирин кармап, эч жакка кетпөө тил каты менен кое беришкен.

Бул тууралуу азырынча Атайын кызмат да, УТРК да рамий маалымат бере элек.

Количество просмотров: 386