• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Бакиевдин жубайынын сөөгү Кыргызстанда жерге берилет

17 Үчтүн айы 2023 12:00 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин жубайы Назгүл Төлөмүшева Минск шаарында 15-январь күнү көз жумду. Бул тууралуу Govori.TVга мурдагы президенттин айланасындагылар тастыкташты.

Маалыматка ылайык, ал акыркы үч жылдан бери ооруп жүргөн.

Кошумчалангандай, 45 жаштагы Төлөмүшеванын сөөгү Кыргызстанда жерге берилет, анын сөөгү мекенине бүгүн жеткирилет.

Эске салсак, Курманбек Бакиев менен Назгүл Төлөмүшеванын эки баласы бар — кызы Лейла жана уулу Данияр. Алар 1995-жылдан бери чогуу жашап келишкен.

Курманбек Бакиев 2005-жылдагы Март ыңкылабында бийликке келип, 2010-жылдын 7-апрелинде 87 адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодон кийин жакындары менен чет өлкөгө качып кеткен. Ушул тапта Беларуста баш калкалап жүрөт.

Бакиевге жана жакындарына онго жакын факты боюнча айып тагылган. Курманбек Бакиев сыртынан соттолуп, 30 жылга эркинен ажыратылган.

Количество просмотров: 740