• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бакиров “базарком” дегенге арданып…

6 Бештин айы 2018 11:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 06.12.2018.Govori.TV

Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров кесиптештерин базарком дегенге арданды. Анын пикирине караганда мындай салыштыруу жалпы парламенттин иш-аракетине көлөкө түшүрөт.

«Бешинчи жана алтынчы чакырылыштагылар жаңы принциптер менен шайланып, гендердик балланс сакталган. Кимдир бирөөлөргө жакса дагы, жакпаса дагы шайлоо жаңы технологияларды колдонуу менен таза өткөн. Коомчулук бизди базарком деп айтууда. Жалпы парламентке көлөкө түшүрбөй так фамилияларын атагыла”-деди Мирлан Бакиров.

Ошондой эле ал бир дагы чакырылыш коомчулуктун купулуна жүз пайыз толбогонун кошумчалады.

Количество просмотров: 30