Исфанадагы 85 метрлик дамба бир саатка дагы туруштук берген жок. Сапаты өтө начар болгон. Мындай пикирди бүгүн, 6-майда парламенттин жыйынында вице-спикер Мирлан Бакиров билдирди.
“Ооба, дамба курулган. Жарымы бузулду. Бирок ал өзүнүн коргоочу милдетин аткарды”, – деди өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров.
“Ошончо каражатка курулуп, бир саат турду. Билбейм, кандай болот”, – деди Бакиров.
Бакиров мындан тышкары 1958-жылы курулган Чоң Чүй каналын мисал катары айтты.
«Эч кандай оор оор техникасы жок, кетмен, күрөк менен курулган. 100км 50 миң гектардын тегерегинде. Балким, бул маселени жарандардын мобилизация кылып, техниканы, жумушсуздук боюнча жөлөкпул алгандарды, мындай бир ар тараптуу аракет кылып чечпейлиби маселени. Биз жыл сайын кесепеттери менен күрөшүп, миллиондогон каражаттарды коротуп, отура беребизби? Жергиликтүү бийлик аракет кылып, жолдорун табуу керек», – деди ал.