• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бакиров УКМКда сурак бергенин айтты

28 Бештин айы 2022 9:21 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров бүгүн, 27-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине сурак берип чыкканын «Азаттыкка» билдирген. Ал эки сааттай суралганын, суроолор эч кайсы ишке байланыштуу эмес экенин белгиледи.

«Ким менен жолуктуңуз, каяктарга барасыз деген өңдүү эле суроолор берилди»,-деди Бакиров.

УКМК депутаттын суракка алынышы боюнча расмий маалымат бере элек.

Буга чейин Бакировдун мандатына байланыштуу маселе көтөрүлгөн. 13-декабрда Бишкек шаардык административдик соту Бакировдун №4 Көк-Жар шайлоо округунан шайланып келген депутаттык мандатын анын атаандашынын арызы менен кайра карап чыгуу талабын канааттандырган.

17-ноябрда парламенттин жалпы отурумунда кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып жаткан учурда Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бакиров кайым айтыша кеткен. Ал Кемпир-Абад боюнча мыйзам долбооруна каршы добуш берген.

Бир нече күндөн кийин Бакировду парламенттин имаратынын 7-кабатындагы иш бөлмөсүнөн чыгарылып, бул маселени иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн.

Количество просмотров: 152