• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Бакировдун ордунда Рысбаев Жогорку Кеңештин депутаты болот

30 Баш оона 2023 17:25 Бишкек Govori.TV

Ош облусундагы бир мандаттуу Көк-Жар округунда кайра шайлоо өтпөйт. Мындай чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын 30-августтагы жыйынында кабыл алынды. Ага ылайык, мандатынан ажыраган Өмүрбек Бакировдун ордунда Равшанбек Рысбаев Жогорку Кеңештин депутаты болот.

БШК 26-августта Бакировго карата чыгарылган сот чечимдерин карап, анын негизинде депутат кылып каттаган чечимди жана депутаттык күбөлүгүн жокко чыгарган.

Жогорку Сот 18-августта Өмүрбек Бакиров шайланып келген №4 Көк-Жар округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган төмөнкү инстанциялардын чечимин күчүндө калтырган. Бакиров бул чечимди «мыйзамсыз» деп атаган.

2021-жылы ноябрда аралаш системадагы парламенттик шайлоодо бул округдан жети талапкер ат салышкан. Алардын бири, экс-депутат Равшанбек Рысбаев 2022-жылдын аягында сотко Бакировду добуш сатып алууга айыптап кайрылган жана анын мандатын жокко чыгаруу тууралуу арыз жазган.

Количество просмотров: 120