• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Бакыт Төрөбаев: Экс-президенттин күзөтүн күчөткүлө

20 Жалган куран 2019 11:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек.20.03.2019.Govori.TV.

Бакыт Төрөбаев Улуттук коопсуздук комитет (УКМК) менен Ички иштер министрлигине (ИИМ) экс-президент Алмазбек Атамбаевдин күзөтүн күчөтүү керек экенин айтты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

Ал Атамбаевдин 17-марттагы билдирүүсүнөн кийин өлкөдөгү коомдук-саясий абал чыңалып кетиши мүмкүн экенин билдирди.

«Алмазбек Атамбаев «мени өлтүрүп кетсе да катамды оңдойм» деп айтты. Ошону кандай түшүнсө болот? Мен ИИМдин УКМКнын өкүлдөрүнө кайрылам. Экс-президенттин күзөтүн күчөткүлө. Антпесе ар кандай провокациялар болуп кетиши мүмкүн».

​Алмазбек Атамбаев 17-мартта Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасында «Сооронбай Жээнбековду колдоп, аны президенттикке алып келгени үчүн» элден кечирим сураган жана катасын оңдоого аракет кыларын кошумчалаган.

Ал «учурдагы бийлик элди бөлүп-жарып жатат» деп «эл бир күнү ойгонсо эч ким токтото албай каларын» айткан.

Количество просмотров: 40